Муссон жамгырлары көптөгөн адамдын өмүрүн алды

1-июндан бери муссон жамгырларынын себебинен өлкөнүн жалпысында 500дөн ашуун киши каза болду.

1020670
Муссон жамгырлары көптөгөн адамдын өмүрүн алды

Индиянын Одиша аймагында уланган муссон жамгырларынын себебинен акыркы бир жумада 20 киши каза тапты.

Катуу жааган муссон жамгырлары Одиша аймагындагы 21 аймакка таасирин тийгизди.

Акыркы бир жумадан бери тынымсыз жааган жамгырлардын себебинен сел жана жер көчкү жүрүп 20 киши каза тапты.

Аймакта 8 миң 286 үй зыянга учурап, миңдеген адам болсо коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

Расмий мекемелердин билдирүүсүнө караганда, 1-июнда башталган муссон жамгырларынын себебинен өлкөнүн жалпысында 500дөн ашуун киши каза болуп, 200гө жакын киши жаракат алды.



Тектеш кабарлар