Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ колундагы куралдарын кара базарда сата баштады

Сириянын Манбиж району жана Евфрат дарыясынын батышынан чыгып кетиши керек болгон жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ, колундагы куралдарды кара базарда сатып уюмга финансылык каражат камсыздап жатат.

1020257
Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ колундагы куралдарын кара базарда сата баштады

АКШ менен түзүлгөн келишим боюнча 2018-жылдын акырына дейре Сириянын Манбиж району жана Евфрат дарыясынын батышынан чыгып кетиши керек болгон жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГ, колундагы куралдарды кара базарда сатып уюмга финансылык каражат камсыздап жатат.

Жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын Манбижден баштап Сирияда басып алган аймактардан чыга турганы жана уюмга жиберилген куралдардын кайра кайтарыла турганы тууралуу убадаларды берген АКШ, тескерисинче террористтерге жаңы куралдарды жөнөтүүдө.

АКШнын зооттолгон унаалар, оор куралдар жана ок-дарыларга толгон 200 фурадан турган конвою Ирактын күрт  аймактык башкаруусунун көзөмөлүндөгү Семелка чек ара капкасын колдонуп Сирияга өткөн.

Бир тараптан Сириянын түндүгүндө болсо жикчил террор уюму ПКК/ПЙД-ЙПГнын АКШдан алган куралдар кара базарда сатылууда.

Түркия жана АКШнын ортосунда камсыздалган келишимге ылайык ЙПГ күчтөрүнүн 2018-жылдын акырына дейре Манбижден жана Евфрат дарыясынын батышынан чыгып куралдарын АКШга кайтарып бериши керек.

АКШдан алган куралдарды тапшырып бербеген террор уюму, жерлерин алмаштыруу аркылуу буларды Түркиянын ыктымалдуу операциясына каршы колдонууну максаттап жатат.



Тектеш кабарлар