Мароккодо 500дөн ашуун качкын куткарылды

Мароккодо мыйзам тышы жолдор менен Европа жээктерине өтүүгө аракет кылган 500дөн ашуун качкын куткарылды.

1019935
Мароккодо 500дөн ашуун качкын куткарылды

Мароккодо мыйзам тышы жолдор менен Европа жээктерине өтүүгө аракет кылган 500дөн ашуун качкын куткарылды.

Маркко коопсуздук булактарынан алынган маалыматка караганда деңиз күчтөрү 3 кайык менен деңизге чыккан Африка тектүү 110 качкынды куткарды.

Деңизге чыккандан кыска убакыттан кийин куткарылган качкындардын арасында Гине жана сенегалдык эки аялдын да бар экендиги билдирилди.

Испания деңиз коопсуздугу жана куткаруу уюмунун твиттер эсебинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Гибралтар кысыгында жүргүзүлгөн операциялардын негизинде 29 кайыктагы 399 качкындын куткарылгандыгы белгиленди.

Эл аралык миграция уюмунун маалыматтарына караганда бул жылдын ичинде Мароккодон Испанияга 50 миңден ашуун качкын барган. Ушул максатта жолго чыккан 1443 киши каза болгон же жоголуп кеткен.



Тектеш кабарлар