Мьянмада муссон жамгырлары

Муссон жамгырлары 16 миңден ашуун кишинин жерлерин таштап кетишине себеп болду.

1020245
Мьянмада муссон жамгырлары

Мьянманы таасири астына алган муссон жамгырлары жол ачкан селдерде 16 миңден ашуун киши үйлөрүн таштап кетүүгө мажбур болду.

«Myanmar Timesтын» кабарына караганда өлкөдө жуманын акырында башталган жана эң көп Таиланд чек арасында Кайин аймагына таасирин тийгизген жамгыр 16 миңден ашуун кишини жашаган жеринен чыгарды.

Аймактын борбор шаары Hpa-anдан 10 миңден ашуун киши эвакуацияланып, шаардагы абал мурунку жылдарга караганда дагы начарлады.

Муссон жамгырларынын бул жылы жай мезгилинде Филиппиндер, Япония жана Түштүк Азиянын чоң бөлүгүн таасирленткендиги белгиленүүдө.

Бангладеште да аракандык мусулмандардын муссон жамгырларынан улам жашап жаткан жерлерин жоготуу коркунучу жана булганган суу булактарынан бир топ жугуштуу оору коркунучу менен бетме  - бет экендиги билдирилүүдө. Аймакта жамгырдан таасирленген жүздөгөн аракандык мусулман баш калкалоочу эл аралык коомдон бара турган жардамдарды күтүүдө.



Тектеш кабарлар