Афганстанда жан кечтилик кол салуу

Жан кечтилик кол салууда 4 киши каза тапты.

1019616
Афганстанда жан кечтилик кол салуу

Афганстандын борбор шаары Кабулда агенттерди бутага алган жан кечтилик кол салууда 4 киши каза тапты. Кабул коопсуздук директорлугунун катчысы Хашмат Станикзей жан кечтилик кол салуучунун денесиндеги бомбаны Кампани аймагынан өткөн агенттердин конвою жакындаганда жардыргандыгын белгиледи. 

Кол салууда 4 агенттин каза болгондугун айткан Станикзей алтоосунун да жаралангандыгын айтты. Көргөн күбөлөр болсо кол салууда 5 кишинин каза болгондугун ортого салышты. Кол салууну Талибан моюнга алды. 

Талибан катчысы Забихулла Мүжахит бомба жайгаштырылган унаа менен жаслаган кол салууда ондогон агенттин каза болгондугун айтты.

 



Тектеш кабарлар