Брексит сүйлөшүүлөрүнө Тереза Мэй лидерлик кылат

Терезэ Мэй Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү өзү башкара турганын белгиледи.

1019034
Брексит сүйлөшүүлөрүнө Тереза Мэй лидерлик кылат

Британияда Брексит (Британиянын Евробиримдиктен чыгышы) сүйлөшүүлөрүнө премьер-министр Тереза Мэй лидерлик кылат.

Премьер-министр Мэй Британ парламентине Брексит процесси тууралуу жазуу түрүндөгү билдирүүсүн сунуштап, Европа Биримдиги менен сүйлөшүүлөрдү өзү башкара турганын белгиледи.

Тереза Мэй жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Брексит Министрлигинин керектүү болгон бардык мыйзамдарга жана даярдыктарга байкоо сала турганын да малымдады.

Бир тараптан Британ кабинетинин билдирүүсүндө да, премьер-министри Мэйге толук колдоо көрсөтүлгөнү жана бардык жоопкерчиликтин кабыл алынгандыгы белгиленди.

Брекситтин мурунку министри Дэвид Дэвис, Мэйдин планына каршы чыгып кызматынан кетип калган болчу.



Тектеш кабарлар