АКШнын Кытай үчүн бажы салыгы

Дональд Трамп Кытайга 500 миллиард долларлык бажы салыгын алып келиши мүмкүн экендигин айтты.

1016638
АКШнын Кытай үчүн бажы салыгы

АКШнын президенти Дональд Трамп Кытайга 500 миллиард долларлык бажы салыгын алып келиши мүмкүн экендигин айтты.

Трамп Америка CNBC каналына берген атайын маегинде АКШ менен Кытайдын ортосунда барган сайын начарлап бара жаткан соода  карым  - катнаштарына баа берди.

 «Кытайга карата 500 миллиард доллар бажы салыгын салууга даярмын»,- деген Трамп : «Муну саясат үчүн кылбаймын. Муну өлкөбүз үчүн туура болгону үчүн жасап жатам. Узун убакыттан бери Кытай тарабынан алнадып жатабыз»,- деди.

Дональд Трамп АКШнын соода жана акча саясаты сыяктуу башка тармактарда жакшы ниетинин унутулуп жаткандыгын белгилеп Кытайга карата алып келген бажы салыктарынын жаман ниет менен ишке ашпагандыгын белгиледи.

 «Алардын коркушун каалабаймын. Алардын абалынын жакшы болушун каалайм»,- деген Трамп Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзиньпинди жактыргандыгын, бирок эки өлкөнүн ортосундагы соода карым  - катнаштарынын ушул күнгө чейин адилеттүү болбогондугун билдирди.

АКШнын соода министрлигинин маалыматына караганда өткөн жылы АКШнын Кытайдан экспорту 505 миллиард доллар болгон болсо, Кытайдын АКШдан кылган экспорту 130 миллиард доллар болду.

Вашингтон өкмөтү 11 күн мурда Трамптын Кытайдын андан мурунку тарифтерине жооп бериши менен 10 пайыздык бажы салыгын алып келе турган 200 миллиард долларлык Кытай товарларынын тизмесин жарыялаган.

Мындан 5 күн мурда АКШ Кытайдын адилетсиз кыймылдарына жооп катары 34 миллиард долларга жакын Кытай товарына 25 пайыздык тарифти ишке ашыра баштагандыгын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар