Орусия АКШга каршылык көрсөттү

Мария Захарова орус жараны Мария Бутинанын АКШда агенттик кылмышы менен камалуусун “саясий заказ» деп мүнөздөдү.

1015525
Орусия АКШга каршылык көрсөттү

Орусиянын тышкы иштер министрилигинин катчысы Мария Захарова орус жараны Мария Бутинанын АКШда агенттик кылмышы менен камалуусун “саясий заказ» деп мүнөздөдү. Мария Захарова өткөргөн жумалык пресс  - жыйынында күн тартиби тууралуу баа берди.

Бутинанын АКШда камоого алынышынан тынчсызданып жаткандарын белгилеген Захарова бул  окуянын Президент В. Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын жекшемби күнү Финландиянын борбор шаары Хельсинкиде өткөргөн саммитинен кийин ишке ашкандыгына көңүлдөрдү бурду.

Мария Захарова : «Хельсинки саммитинин жыйынтыктарын ийгиликсиз кылуу үчүн бирөөлөр эсеп – кысап кылып ошого жараша Мария Бутина тууралуу камоо чечимин чыгарды деген таасир жаратууда»,- деди.

АКШнын ички саясатына кийлигишүү деген ойдо «орус фобиси албуттуулугу» менен жаңы сценарийлердин түзүлгөндүгүн белгилеген Захарова : «АКШда FBI өзүнүн негизги милдети болгон кылмыштар менен күрөшүүнүн ордуна ачыкча саясий заказдарды орундатып жатат»,- деди.

Мария Бутина аттуу орус жараны Орусия өкмөтүнүн кызыкчылыктарын колдоо максатында АКШ жарандары менен жашыруун байланыштарды курду деген негиз менен мурунку күнү АКШда камоого алынган болчу.

АКШ болсо адилеттик министрлиги Бутинанын түздөн түз каттоо тышы агент катары иш алып баргандыгын билдирген.



Тектеш кабарлар