Мексика булуңунда акуланын жаңы түрү табылды
Жаңы табылган акула түрүнүн узундугу 50 - 70 сантиметр.
"Live Science" интернет сайтында орун алган кабарда "Zootaxa" журналында жарыяланган эмгекте флоридалык илимпоздор "Squalus clarkae" же "Genie's dogfish (Genieнин акуласы)" деген ат берилген көздөрү чоң акула түрүн тапты.
Эмгекте Мексика булуңу жана Атлас океанынын тереңдиктеринде жашаган, башкаларына салыштырмалуу кичинерээк болгон акула түрүнүн узундугунун 50 – 70 сантиметр экендиги белгиленди.
Табылган жаңы түргө берилген ат 2015 – жылы 92 жашында каза болгон, акулалар тууралуу жараткан эмгектери менен таанылган деңиз биологиясынын жол башчыларынан Евгений Кларкка арналды.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.