Йемендин Зебид шаары коркунуч астында

Согушта зыян тарткан 131 мектеп рестоврацияланды.

1014577
Йемендин Зебид шаары коркунуч астында

Йемендин маданият министри Мерван Деммаж хусилердин Зебид шаарында болушу «адамзаттык мурасты» коркуткандыгын айтты.

Деммаж армияга таандык "September Net" интернет сайтында орун алган билдирүүсүндө тарыхый Зебид шаарынын согуш аянтына айландырбоо тууралуу эскертти.

Хусилердин эртерээк шаардан чыгып кетиши керектигин айткан Деммаж : «Хусилердин Зебидде  болууну улантышы ЮНЕСОнун дүйнөлүк мурас тизмесинде орун алган бул маанилүү шаардагы адамзаттык мурас үчүн абдан чоң коркунучту түзүүдө. Хусилер шаардагы тарыхый чыгармаларга чоң зыянын тийгизип жатат»,- деди.

Бир тараптан ЮНИСЕФтин твиттер эсебинен берген маалыматта бул жылдын биринчи жарымында өлкөдөгү согуштан улам  зыян тарткан 131 мектептин рестоврациялангандыгы жарыяланды. Маалыматта рестоврациядан кийин 125 миңден ашуун окуучунун кайрадан мектептерде билим ала аларын билдирилди.



Тектеш кабарлар