Пакистандагы кол салуу

Кол салууда 132 киши каза тапты.

1012265
Пакистандагы кол салуу

Пакистанда эки митингде болгон жарылууда араларында депутаттыкка талапкер Навабзаде Сираж Раисани да болгон 132 киши каза болуп, 230дан ашуун киши жараланды.

Өлкөнүн батышындагы Белужистан аймагынын Мастунг шаарынын жакындарында болгон жарылуунун Белужистан Авами партиясынын депутаттыкка талапкери Раисанини бутага алгандыгы айтылууда.

Раисани да араларында болгон 128 киши каза болуп, 200дөн ашуун киши да жараланды. Жаралуулар аймактагы жана Куетта шаарындагы ооруканаларга жаткырылды.

Мастунгдагы кол салууну террордук уюм ДЕАШ моюнга алды.

Башка кол салууда болсо мурунку министр жана Ислам улемалары жамааты партиясынын алдыңкы ысымдарынан Экрем Хан Дурранинин өлкөнүн түндүгүндөгү Банну шаарында өткөргөн митингдин акырында жасалды.

Кол салууда Дурранинин конвоюндагы 4 киши каза болуп, 32 киши да жараланды. Дуррани болсо кол салуудан жаракат албастан кутулду.

Кол салуудан кийин сөз сүйлөгөн Дуррани митинг аяктагандан кийин унаасына отургандыгын жана унаа партиянын жактоочулары тарабынан курчоого алынгандан кийин жарылуунун болгондугун белгилеп : «Коопсуздук күчтөрү мени коркутуулар тууралуу эскерткен болчу»,- деди.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар