Орусиядан НАТОго жооп
Захарова : «Бул шылтоо менен аскердик блок (НАТО) Балтика аймактарында жана Түндүк Европада өз аскердик ишин кеңейтүүдө»,- деди.
Орусиянын тышкы иштер министрлигинин катчысы Мария Захарова НАТОнун өлкөсүн күнөөлөп, Түндүк Европа жана Балтика өлкөлөрүндө аскердик ишин жайылткандыгын билдирди. Захарова өткөргөн жумалык пресс – жыйынында Бельгиянын борбор шаары Брюсселде 11 – 12 - июлда өткөрүлгөн НАТО саммитинде Орусияга карата күнөлөөлөргө жооп берди.
НАТО саммитинде чыгарылган бардык чечимдердин этияттык менен анализделгендигин белгилеген Захарова Орусиянын күнөөлөнүшүнүн бир далили жок экендигин айтты.
Захарова : «Бул шылтоо менен аскердик блок (НАТО) Балтика аймактарында жана Түндүк Европада өз аскердик ишин кеңейтүүдө»,- деди.
АКШнын президенти Дональд Трамптын «Германия, Орусиянын туткуну» деген сөздөрүнө: «Германиядагы базаларда 35 миң Америка аскери бар. Бул Германияны чындыгында ким текшерүүгө алууда деген суроо. Германияда биздин соода иштерибиз бар. АКШнын болсо аскердик базасы бар»,- деп жооп берди Захарова.