Япониядагы сел апаатынын кесепети

Япониядагы сел жана жер көчкүлөрдөн каза тапкандарды саны 195ке жетти.

1010856
Япониядагы сел апаатынын кесепети

Япониянын Улуттук полиция кызматы, өткөн жумадан бери өлкөнүн батышына таасирин тийгизген нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү жүрүп 195 кишинин каза болгонун билдирди.

Жооптуу кызматкерлер дайынсыз жоголгон 60 кишинин дагы деле изделип жатканын, каза болгондордун санынын көбөйүшү мүмкүн экендиги санааркатканын маалымдашты.  

Хиросима, Окаяма жана Эхиме шаарларында 70 миңден ашуун куткаруучу кызматкер иштеп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар агенттигине караганда, баш калкалоочу жайларда орто эсеп менен 6 миң 700 киши бар.

Өлкөдө 19 аймакта 5 миллион 900 киши үчүн эвакуациялоо буйругу берилген болчу.



Тектеш кабарлар