Индияда сел жүрдү

Индиянын Мумбай шаарында муссон жамгырлары себеп болгон селдерде 66 киши каза болду.

1010316
Индияда сел жүрдү

Индиянын Мумбай шаарында муссон жамгырлары себеп болгон селдерде 66 киши каза болду.

Жергиликтүү басма сөздүн кабарларына караганда Мумбай жана тегерегинде өткөн жылга караганда дагы көп жамгыр жаашы жол ачкан селдерде 10 күндө 66 киши каза болду.

Катуу жамгыр жаашынан улам шаарда 108 учак жана бир топ поезд каттамы токтотулду.

Өлкөдө июнь айында башталган муссон жамгырлары июль айынан баштап бардык аймактарда таасирдүү болууда.

Өткөн жылы жамгыр сезонунун биринчи айында 26 киши каза болгон.



Тектеш кабарлар