Орус бөлүктөрү Иордания чек арасына барышты
Орус аскердик конвоюу Иордания менен Сириянын ортосундагы Нассиб чек ара капкасына барды.
Сирияда оппозициячылдар менен Орусиянын ортосунда түзүлгөн ок атышууну токтотуу макулдашуусунан кийин орус аскердик конвоюу Иордания менен Сириянын ортосундагы Нассиб чек ара капкасына барды.
Сириянын Дера шаары 10 - июндан бери режим күчтөрүнүн кол салуусуна учурап жатат.
Аймактагы жарандык коргонуу топтору кол салууларда жашап жаткан жерлеринен чыккан жарандардын санынын 350 миңден ашкандыгын белгиледи.
Өлкөнүн батышындагы Дера жана Кунейтра Астана процессинин кепилдери Түркия, Иран жана Орусиянын 2017 - жылы май айында түзгөн 4 араздашууну азайтуу аймагынын ичинде орун алган.
Режим күчтөрүнүн кол салуусу чоң көч толкунун жаратып оппозициячылдар менен орус жетекчилер бир келишим түздү. Ушул боюнча оппозициячылдар оор куралдарын тапшырышат.
Келишимдин ишке аша башташы менен бирге аймакты таштап кетүүнү каалаган оппозициячылдар үй - бүлөлөрү менен бул жерден кете алышат.