Арменияда Серж Саркисяндын иниси менен жээни камакка алынды

Өткөн айда да Серж Саркисян лидери болгон Республика партиясынын депутаты Манвел Григориян кылмыш тобун түзүү жана коррупция кылмыштарынан улам камоого алынган.

1007072
Арменияда Серж Саркисяндын иниси менен жээни камакка алынды

Армениянын мурунку президенти Серж Саркисяндын бир тууганы Александр Саркисян менен жээни Айк Саркисян камоого алынды.

Армения басма сөзүндө чыккан кабарларга караганда Александр Саркисян өлкө тышына чыгып жатканда Армения улуттук коопсуздук кызматы тарабынан камоого алынды.

Коопсуздук күчтөрү Александр Саркисяндын үйүндө жана өзүнө таандык экендиги белгиленген фирмаларда тинтүү жүргүздү.  Александр Саркисяндын үйүндө жүргүзүлгөн тинтүүдө жогорку суммада акча, курал жана көп сандаган картина табылды.

Александр Саркисяндын уулу Айк Саркисян да 11 жыл мурда аралашкан курал менен жаралоо окуясынан улам камоого алынды.

Өткөн айда да Серж Саркисян лидери болгон Республика партиясынын депутаты Манвел Григориян кылмыш тобун түзүү жана коррупция кылмыштарынан улам камоого алынган.

Серж Саркисян апрель айында парламент тарабынан премьер  - министр болуп шайланган. Ушул боюнча оппозиция андан мурда эки жолу президент болуп шайланган Саркисянды өлкөнү начар башкарды жана экономикага зыянын тийгизди деген негиз менен күнөөлөп, митингдерди баштаган. Митингдердин күч алышы менен Саркисян премьер  - министрликтен кеткендигин билдирип, оппозициячыл кыймылдын лидери Никол Пашинян премьер  - министр болгон.



Тектеш кабарлар