АКШдагы токой өрттөрүнүн кесепети

Токой өрттөрүнөн кеминде 130 үй күл болуп, 2 миңден ашуун киши коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

1006848
АКШдагы токой өрттөрүнүн кесепети

АКШнын борбордук-батыш аймагындагы Колорадо штатында уланып жаткан токой өрттөрүнөн кеминде 130 үй күл болуп, 2 миңден ашуун киши коопсуз жерлерге эвакуацияланды.

Жооптуу кызматкерлер, Колорадо штатынын борбору Денвердин 330 километр түштүк-батышында чыккан өрттөн кеминде 130 үйдүн күйүп кеткендигин билдиришти.

Аймактагы үйлөрдүн бошотулгандыгын билдирген жооптуу кызматкерлер, кеминде 2 миң кишинин эвакуацияланганын айтышты.

Колорадонун лыжа базасы Аспенге жакын жерде чыккан өрттүн себебинен орто эсеп менен 500 үйдүн бошотулгандыгы жана коюу түтүндүн айынан Аспен аэропортунда айрым учак каттамдарынын токтотулгандыгы белгиленди.

Юта штатындагы Strawberry суу сактагыч көлүнө жакын жерде токой аянтындагы өрттүн себебинен 30 чакты үй жана имараттын зыян тартканы маалымдалды.

Ошол эле учурда аймактагы айрым автожолдор транспорт каттамдарына жабылды.

Бир тараптан АКШнын батышында 60 аймакта токой өрттөрү уланып жатат.



Тектеш кабарлар