Ыйык үңкүр жайгашкан аймакта жер көчкү жүрдү
Үңкүргө орто эсеп менен 2 миң индус сыйынуу үчүн барган.
1006290
Индиянын Камму Кашмир аймагында болгон жер көчкүдөн 5 киши каза тапты.
Индустар үчүн ыйык деп эсептелген Амарнат үңкүрү жайгашкан аймактагы муссон жамгырларынын себебинен жер көчкү жүрүп анда ажылык үчүн барган 5 киши көз жумду.
Үңкүргө орто эсеп менен 2 миң индус сыйынуу үчүн барган. Үңкүр жайгашкан аймакта болгон жер көчкүдө 3 киши да табылбай жатат.
Быйыл ажылык үчүн үңкүргө барууга аракет кылган 10 индус болсо жолдо көз жумган.