Малиде дайынсыз жолгон микроавтобустагы кишилердин жансыз денеси табылды

Микроавтобуста 17 киши болгон.

1005418
Малиде дайынсыз жолгон микроавтобустагы кишилердин жансыз денеси табылды

Африка өлкөсү Малинин Тимбукту шаарынын түндүгүндө чөлдө дайынсыз жолгон микроавтобустагы 17 кишинин жансыз денеси табылды.

Өлкөнүн басма сөзүндөгү кабарларга караганда, микроавтобус 21-июнда Алжирден жолго чыгып Тимбуктуга карай сапар тарткан.

Эки күндүн ичинде Тимбуктуга баруусу күтүлгөн 4ү бала, 6сы аялдан турган 17 кишини ташыган микроавтобустан бир канча күндөн бери кабар алына албаганы боюнча Алжирдеги жакындары издөө салышты.

Жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн негизинде микроавтобус, Тимбуктунун 130 километр түндүгүндө ичинде жүргүнчүлөр жана айдоочунун жансыз денеси менен табылды.

Айдоочунун чөлдөгү кум борошосунун себебинен адашып кетиши мүмкүн экени айтылууда.



Тектеш кабарлар