Канадада катуу ысыктан адамдар жабыркады

Канадада абанын жылуулугу нормадан жогору болуп жатат.

1005796
Канадада катуу ысыктан адамдар жабыркады

Канаданын Квебек аймагында акыркы бир жумадан бери абанын жылуулугу нормадан жогору болуп 6 киши каза тапты.

Монреаль коомдук саламаттык сактоо директору Милен Друин, 40 градус жана айрым учурларда 47ге жеткен ысык абанын себебинен күнүгө 600дөн ашуун тез жардам унаасы чакыртылгандыгын айтты.

Акыркы жолу 2010-жылы ысык абадан 106 кишинин көз жумганын белгилеген Друин: «Ушул учурга чейин ысыктан улам 6 кишинин каза тапкандыгы катталды. Бул сандын көбөйүшү мүмкүн экендиги санаркатууда»,-деди.

Аймактагы элге көп суу ичүү, тез-тез душка түшүү, зарыл болбосо сыртка чыкпоо, сыртка чыкканда соода борбору, китепкана жана кино сыяктуу шамалдаткычтары бар чөйрөлөргө барбоо, оор кыймыл-аракеттерге чектөө коюу жана жука кийимдерди кийүү сунушталды.



Тектеш кабарлар