Иранда түрк тектүү жарандык 14 активист камоого алынды
Камоого алынгандардын арасында аймактын алдыңкы жарандык активисттеринен Аббас Лисани да бар.
Ирандын Келибер шаарынын жакындарындагы «Бабек чеби» аттуу аймакта жыйын өткөрүүнү каалаган түрк тектүү активисттерден 14нүн камоого алынгандыгы билдирилди.
Камоого алынгандардын арасында аймактын алдыңкы жарандык активисттеринен Аббас Лисани да бар. Эмне себептен камоого алуулардын болгондугу тууралуу азырынча маалымат бериле элек.
Ирандагы түрктөр көптөгөн жылдар Бабек чеби деп аталган жана түркчүлүктүн символу катары кабыл алган аймакта жыл сайын июль айында этникалык күбөлүктөрүнө байланыштуу талаптарын билдирүү үчүн чогулушат.
Акыркы жылдарда болсо Иран коопсуздук күчтөрүнүн кысымы менен бул жолугушуулар өткөрүлө албады. Камоого алынган активисттер бул жылы кайрадан чогулуу үчүн чакыруу салышкан болчу.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.