АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Орусияга барды

АКШ Конгрессинин делегациясы Орусияга барды

1005135
АКШ Конгрессинин мүчөлөрү Орусияга барды

Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трмаптын 16-июлда Финляндиянын борбор шаары Хельсинкиде боло турган жолугушуусунун алдында АКШ Конгрессинин делегациясы Орусияга барды. Конгресстин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөттөн кийин Орусияга барган болду.

Конгресстин мүчөлөрү Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту.

Лавров жолугушуудан мурдагы маалыматтандыруусунда Конгресстин мүчөлөрүнүн Орусияга сапарынын парламенттер аралык карым-катнаштардын кайрадан камсыздалышынын символу болушун үмүт кылгандарын айтты.

Лавров, Конгресстин мүчөлөрүнүн Орусиянын президенти Путин менен АКШнын президенти Трамптын 16-июлда Хельсинкиде өткөрө турган жолугушуусунун алдында Орусияга келишин «өз убагында болгон сапар» деп мүнөздөдү.

Делегациянын жетекчиси Алабаманын сенатору Ричард Шельби өтө узак эмес убакыттан кийин боло турган Путин-Трамп саммити үчүн Орусияга келгендерин белгилеп, «Карым-катнаштарыбыздын жакшы эместигин билип туруп келдик, бирок карым-катнаштар дагы жакшы болушу мүмкүн, анткени орток кызыкчылыктарыбыз бар»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар