Малиде француз аскерлерине кол салуу жасалды
Кол салууда 31 киши жараланып анын ичинен сегизи француз аскери.
Малиде француз аскерлерин бутага алган бомба жайгаштырылган унаа менен жасалган кол салууда 4 киши каза болду. Жетекчилер Гао шаарында күзөттөгү француз аскерлерин бутага алган кол салууда жолдон өтүп бара жаткан 4 жарандын каза болгондугун билдиришти.
Мали ички коопсуздук министрлиги да кол салууда 31 кишинин жаралангандыгын анын ичинен сегизинин француз аскер экендигин билдирди. Кол салуу Малиде акыркы 3 күндө коопсуздук күчтөрүн бутага алган үчүнчү кол салуу болду.
Кечээ берилген маалыматта 2 француз аскеринин каза болгондугу билдирилген болчу.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.