АКШ Түндүк Кореянын ядролук программасын жоюну пландап жатат

Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Түндүк Корея башкаруусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топтун бекем кадамдар менен алдыга жылгандыгын айтты.

1004019
АКШ Түндүк Кореянын ядролук программасын жоюну пландап жатат

АКШда Ак үйдүн улуттук коопсуздук кеңешчиси Жон Болтон Түндүк Кореянын ядролук куралдары менен баллистикалык ракета программасын бир жылдын ичинде жок кылууга карата пландарынын бар экендигин айтты.

Жон Болтон CBSде жарыяланган "Face the Nation" программасында берген маалыматында Вашингтон башкаруусунун Түндүк Кореянын ядролук куралдары менен баллистикалык ракета программасынын бир жылдын ичинде жок кылуу менен жыйынтыктала турган бир планга ээ экендигин, санкциялардын ылдам жоюлушун жана Түштүк Корея менен Япониядан жардамдардын келишин каалаган түндүк кореялыктардын кызматташтык түзүшүн күтүп жаткандыгын белгиледи.

Болтон Түндүк Корея башкаруусу менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн топтун бекем кадамдар менен алдыга жылгандыгын айтып : «Түндүк кореялыктардын өткөн күндө эмнелерди кылгандыгын баарыбыз билебиз»,- деди.



Тектеш кабарлар