Дераадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок

Сириянын Дераа облусундагы кеңири ок атышпоонун камсыздалышы үчүн чогулган Орусия жана аскердик оппозиция делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок.

1003344
Дераадагы ок атышпоо сүйлөшүүлөрүнөн майнап чыккан жок
urdun sinirindaki deralilar.jpg

Сириянын Дераа облусундагы кеңири ок атышпоонун камсыздалышы үчүн чогулган Орусия жана аскердик оппозиция делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүдөн майнап чыккан жок.

Дераадагы аскердик оппозициянын өкүлдөрү менен Орусиянын делегациясы Бусра эс-Шам районундагы аскердик пунктта жолугушуп, Дераадагы туруктуу ок атышпоонун шарттарын сүйлөшүштү.

Дераалык аскердик оппозиция түзгөн Борбордук операция бөлмөсүнүн катчысы Ибрахим Жеббари: «Орустар менен болгон жолугушуу ийгиликтүү болгон жок. Орустар сунуштаган шарттар бизди кемсинтүүчү эле. Ошон үчүн оппозициячылдар жыйналыштан чыгып кеттик»,-деди.

Орус делегациясы кабыл алынгыс шарттарды сунуштаганын түшүндүргөн Жеббари: «Жыйналышта Сириянын түштүгүн толугу менен Асад режимине тапшырып берүүбүздү талап кылышты. Эркин Сирия армиясынан колундагы бардык оор жана жеңил куралдардын бардыгын тапшырып берүүсүн талап кылды. Андан кийин макулдашуу процесси баштала турганы айтылды. Айрыкча режимдин кармоо тизмесинде тургандардын да сот алдына чыгарылышы шарттарын коюшту»,-деди.

Жолугушуулар өтүп жаткан убакта Жарандык коргонуу булактарынан режим күчтөрүнүн Дераанын чыгыш жагындагы Гасам аймагына баррель бомбасын атып 7 жаран каза тапканынын маалыматы берилди.

Ушундайча режим күчтөрү жана колдоочуларынын Орусиянын абадан колдоосу менен 20-июнда баштаткан аскердик операциянын башынан бери эң аз 104 жаран каза болду.

Режимдин Дераадагы жарандык отурукташкан жерлерди кургактыктан жана абадан бомбалоолорунун себебинен кеминде 150 жарандын өлкөнүн түштүгүндөгү Иордания жана Израилдин чек арасына жакын жерге көчүүгө аргасыз болушту.

Бул учурда Дераадан Иорданиянын чек арасына көчкөн жаралуу баш калкалоочуларга чек арада тез жардам кызматы берилип жатат.

Иорданиянын өкмөт катчысы Жумана Ганимат, Дераадан чек арага көчкөн жаралуулардын Иорданияга кире албагандарын, бирок чек арадагы аскердик тез жардам унааларында жаралуулардын дарыланып жатканын айтты.

Андан соң сириялык баш калкалоочунун өлкөгө кирүүсүнө каршы чыккан Иордания, чек ара капкасын ачпастан, БУУнун сириялык баш калкалоочуларга жардам аракеттерин колдой тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар