ДАИШ мүчөсү 12 киши өлүм жазасына тартылды
Өлүм жазасы ДАИШ качырган 8 коопсуздук күчү кызматкеринин өлтүрүлгөндүгү үчүн берилди.
1002566
Иракта террордук уюм ДАИШ мүчөсү 12 киши өлүм жазасына тартылды.
Ирактын премьер - министрлик офисинен берилген маалыматта : «Премьер - министр Хайдар ел - Ибадинин жолдомосу боюнча такталган жазалардын берилиши менен 12 террорист өлүм жазасына тартылды»,- деп билдирилди.
Премьер - министр Ибади ДАИШ качырган 8 коопсуздук күчү кызматкерин өлтүрүшү менен кечээ берген маалыматында жазасы такталган террористтердин өлүм жазасына тартылышын талап кылган.
Ирактын коргоо министрлигинен шаршемби күнү берилген маалыматта террордук уюм качырган 8 коопсуздук күчү кызматкеринин өлкөнүн түндүгүндөгү Салахаддин аймагынын жакындарында өлтүрүлгөндүгү билдирилген.