Пакистан - Афганстан сүйлөшүүлөрү

Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин Афганстан менен карым  - катнаштарды күчтөндүрүү жана аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн жолугушууларды улантышарын белгиледи.

996924
Пакистан  - Афганстан сүйлөшүүлөрү

 Пакистандын президенти Мемнун Хүсейин Афганстан менен карым  - катнаштарды күчтөндүрүү жана аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн жолугушууларды улантышарын белгиледи.

Хүсейин  «Улантууга боло турган өнүгүү үчүн суу конференциясы» үчүн барган Тажикстандын борбор шаары Душанбеде Афганстан аткаруу кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах менен жолугушту.

Жолугушууда : «Афганстан менен карым  - катнаштарыбызды күчтөндүрүү жана аймакта тынчтыктын түзүлүшү үчүн  жолугушууларды улантабыз»,- деген Хүсейин эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн саясында тынчтык каалгасынын ачылышын ойлошкондорун, бул тууралуу эки өлкөнүн чыгара турган чечимдеринин маанилүү экендигин баса белгиледи.

Абдуллах да : «Афганстанда тынчтыктын түзүлүшү үчүн Пакистан менен жолугушууларыбызды ылдам улантуудабыз»,- деп эки өлкөнүн ортосунда улантылып жаткан сүйлөшүүлөрдөн жыйынтыктын чыгарына ишенишкендерин белгиледи.



Тектеш кабарлар