Япония ракеталык коргонуу машыгуусун жойду

Түндүк Кореянын август жана сентябрь айларындагы эки орто аралыкка атуучу ракета  сынагында ракеталар Япониянын үстүнөн өткөн.

996940
Япония ракеталык коргонуу машыгуусун жойду

Япония АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда өткөн саммиттен кийин Пхеньяндан келиши мүмкүн болгон ракеталык коркутууга каршы пландаган жарандык коргонуу машыгуусун токтоткондугун билдирди.

Япон кабар агенттиги Киодонун кабарына ылайык өкмөт 12 -  июндагы Трамп  - Ким саммитинин оң атмосферада өтүшү менен Түндүк Кореянын орточо аралыктуу ракета сыноолоруна каршы пландаган жарандык коргонуу машыгуусун токотууга чечим чыгарды.

Япон деңизине жээктеш болгон 9 аймакта өткөрүлүшү пландалган машыгууда ыктымалдуу ракеталык кол салууда мектептер менен малекеттик имараттардын кандай бошотуларына байланыштуу машыгуулардын болушу пландалып жаткан. Чечим Түштүк Кореянын АКШ менен өткөргөн жылдык орток аскердик машыгуусун жойгондон кийин чыкты. Түндүк Кореянын лидери Ким түштүк кореляык жана АКШ президенттери менен өткөргөн саммитте ядролук жана ракеталык сыноолорун акырына чыгаруу убадасын берген.

Түндүк Кореянын август жана сентябрь айларындагы эки орто аралыкка атуучу ракета  сынагында ракеталар Япониянын үстүнөн өткөн.

Япония декабрь айында Түндүк Кореядан келиши мүмүкн болгон ракеталык коркутууларга каршы Япон деңизине жээктеш болгон эки жерге орточо аралыктуу ракета коргонуу системасын жайгаштырууга чечим чыгарган болчу.

Акита тышында өлкөнүн түштүгүндөгү Ямагучи башкаруу аймагына караштуу Хаги шаарына да ракета батареясынын жайгаштырылары белгиленген.



Тектеш кабарлар