Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен машыгууларды токтотту

Бул чечимдин максаты эмне?

995004
Түштүк Корея менен АКШ биргелешкен машыгууларды токтотту

Түштүк Корея менен АКШ, август айында өткөрүүнү пландаган «Ульчи эркиндик коргоочу» аттуу биргелешкен машыгууну токтотууну чечти.

Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө: «Жакын кызматташтыктан кийин Түштүк Корея менен АКШ, август айында өткөрүүнү пландаган коргонуу машыгуусуна байланыштуу бардык иштерди токтотууну чечишти»,-деген сөздөргө орун берилди.

Ошондой эле: «Түштүк Корея менен АКШ кошумча чаралар боюнча кеңешүүлөрдү улантууну пландап жатышат»,-делди.

Министрлик берки биргелешкен машыгууларга байланыштуу азырынча кандайдыр бир чечим чыгарылбаганын белгиледи.

Коргоо министрлигинин катчысы Choi Hyun-soo, өкмөт бул чечимдин Түндүк Корея менен сүйлөшүүлөрдү тездетүүгө жардамчы болооруна ишенгенин белгиледи.



Тектеш кабарлар