Мексикада саясатчыларга карата кол салуулар

Мексиканын 2018 саясий  зомбулук отчетуна караганда шайлоо үгүтү башталган сентябрь айынан бери жалпы өлкөдө 177 саясатчы кол салууга учураган.

995151
Мексикада саясатчыларга карата кол салуулар

Мексикада 1 -  июлда өткөрүлө турган шайлоодон мурда куралдуу кол салууга учураган  Сан-Хуан-де-Абахо шаарынын шаардык кеңешке талапкери Иисус Ноласко Акоста каза болду.

Жергиликтүү медиадагы маалыматтарга ылайык жетекчилер шаардык кеңешке талапкер Акостанын куралдуу кол салууда каза болгондугун билдиришти.

Мексиканын 2018 саясий  зомбулук отчетуна караганда шайлоо үгүтү башталган сентябрь айынан бери жалпы өлкөдө 177 саясатчы кол салууга учураган.

Акоста менен өлтүрүлгөн саясатчылардын саны 114кө жетти.

Мексикалыктар 1 -  июлда араларында мамлекет башчысы, депутаттар, сенатор жана 8 аймактын губернатору да болгон 3 миң 400 дөн ашуун саясий орундук үчүн добуш беришет.



Тектеш кабарлар