Израиль блокада астындагы Газа тилкесине дагы кол салды

Израиль армиясына таандык учкучсуз учуучу аппараттын блокада астындагы Газа тилкесине кол салганы маалымдалды.

993638
Израиль блокада астындагы Газа тилкесине дагы кол салды
israil gazze saldiri.jpg

Израиль армиясына таандык учкучсуз учуучу аппараттын блокада астындагы Газага кол салуусунан 2 палестин жаракат алды.

Газадагы саламаттык сактоо булактарынан алынган маалыматка караганда Израиль армиясы Газа тилкесинин ортоңку аймактарында орун алган Аль-Бериж качкындар лагерине учкучсуз учуучу аппараттар менен кол салды.

Кол салууда 2 палестин жигитке бомба чачырандысы тийгенин билдирген булактар, жаралуулардын саламаттык абалы өтө жакшы эмес экенин белгилешти.

Бир тараптан Израиль армиясы тарабынан абадан кол салуу ырасталып, «Хамастын куралдуу тармагы Иззеддин аль-Касам бригадасына таандык эки байкоочу жайдын атылганы» айтылды.

Израиль жарыясында айрыкча атылган буталардан бирөөндө «күйгөн батперек» даярдалып жатканын айтып чыкты.

Израилга таандык согуштук учактар да Газанын чыгышындагы Шужаийе мааласында жарандык бир унааны атты.

Изариль армиясынын басма сөз катчысы Авичай Адраее, аскердик бир учактын Газада «күйгөн батперек жасоочу жайдын» жооптууларынан бирөөнүн унаасын бутага алганын маалымдады.

Анда, «Газадан күйгөн батперек менен гелий газы үйлөтүлгөн шарлардын Израилдин территориясына учурулушу уланганынын себебинен абадан кол салуу болгону» айтылды.

Газадан көргөн күбөлөр да Шужаиййе мааласында бир үйдүн алдында токтоп турган жарандык унаага Изариль тарабынан снаряд атылганы жана унаа жарактан чыкканынын маалыматын бөлүштү. Кол салууда киши каза болгон жок.

Израиль басма сөзүндө палестиналык митингчилердин Газа тилкесинин айланасындагы Жөөт отурукташкан жерлерине «күйгөн батперек» менен гелий газы үйлөтүлгөн шарларды учурушунун себебинен аймакта бир катар өрт чыкканы тууралуу маалыматтар орун алган.

Палестинада 2006-жылы өткөн жана Хамас жеңип алган шайлоолордон кийин Израиль Газа тилкесине кургактык, деңиз жана абадан блокадасын ишке ашыра баштаган. Эл аралык каршы чыгууларга карабастан Газага карай блокада тынымсыз уланууда.

 

 

 



Тектеш кабарлар