Германияда жашаган бир түрктү полиция итине талатты

Шахан, жума күнү болгон кол салуунун шогун өткөрө албай жатканын, жооптуулардын үстүнөн арыз жаза турганын айтты.

993674
Германияда жашаган бир түрктү полиция итине талатты
almanya'da Turk'e polis kopegi ile siddet2.jpg
almanya'da Turk'e polis kopegi ile siddet1.jpg

Германиянын Түндүк Рейн-Вестфалия провинциясындагы Люнен шаарында жашаган Ибрахим Шахан, полиция ити талап жараланды.

Шахан, жума күнү болгон кол салуунун шогун өткөрө албай жатканын, жооптуулардын үстүнөн арыз жаза турганын айтты.

Окуя тууралуу маалымат берген Шахан, жолдун четинде отурганда жолдун ары жагында коркуратма чылым кафелерин текшерген ити бар полициядан «Иттин оозундагы оюнчук сөөкпү?»-деп сураганда, полиция жини менен келип итти өзүн көздөй агытып жибергенин айтты.

Шахан полициядан нормалдуу түрдө суроо сураганын белгилеп, «Полиция болсо мага, «Иттин сөөгү сен болгуң келеби?»-деп айтып, жанындагы эки полиция мени жерге жыгып, анан итти мени көздөй агытты. Ит балтырымды тиштеп алып көпкө дейре кое бербей койду. Ит эки тиземди да жаман тиштеди»,-деди.

Бул окуядан кийин доктурга барганын түшүндүргөн Шахан, «Доктур 3 жума бою иштей албайт деген кагаз берди»,-деди.

Алгач ирет ушундай бир окуяга дуушар болгонун жана жөн жерден зомбулукка кабылганын айткан Шахан, дүйшөмбү күнү адвокаттары менен жолугуп, жооптуулардын үстүнөн арыз жаза турганын кошумчалады.



Тектеш кабарлар