Йеменде Худейде порту хусилерден алынды

Аскердик бөлүктөрдүн аэропорт жана тегерегин миналардан тазалоо иштерин баштагандыгы билдирилди.

993322
Йеменде Худейде порту хусилерден алынды

Йемен өкмөт күчтөрү Эл аралык Худейде аэропотун хусилерден куткарды.

Армияга караштуу басма сөз борборунун социалдык медиа эсебинен берилген маалыматта армиянын коалиция жана каршы туруу күчтөрүнүн жардамы менен Худейде аэропортунун хусилерден алынгандыгы белгиленди.

Маалыматта аскердик бөлүктөрдүн аэропорт жана тегерегин миналардан тазалоо иштерин баштагандыгы билдирилди. Бул тууралуу хусилерден азырынча маалымат бериле элек.

 



Тектеш кабарлар