Дональд Трамп мусулман ааламын Рамазан майрамы менен куттуктады

Ак үйдөн берилген маалыматта Трамп : «Мелани Трамп жана мен жалпы АКШда жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын майрамын куттуктайбыз»,- деди.

993485
Дональд Трамп мусулман ааламын  Рамазан майрамы менен куттуктады

АКШнын президенти Дональд Трамп жарыялаган билдирүүсүндө мусулмандарды Рамазан  майрамы менен куттуктады.

Ак үйдөн берилген маалыматта Трамп : «Мелани Трамп жана мен жалпы АКШда жана бүткүл дүйнөдөгү мусулмандардын майрамын куттуктайбыз»,- деди.

Рамазан айынын жаңылануу айы экендигин белгилеген Трамп : «Бул майрамда тегерегибизди курчаган жана жакшы ниет рухунун жыл боюнча сүрүшүн каалайбыз»,- деди.

АКШнын тышкы иштер министри Майк Помпео да жазуу түрүндөгү билдирүү менен бардык ислам ааламын майрамы менен куттуктагандыгын билдирди.

АКШнын президенти Трамп кызмат орундугуна отурган биринчи жылы Рамазан айында Ак үйдө ооз ачырбастан жана АКШдагы мусулмандар каршы чыгышкан.

Бул жылы рамазан айында Ак үйдө ооз ачырган Трамп калкынын көпчүлүгү мусулман болгон кээ бир өлкөлөрдүн Вашингтондогу дипломатиялык миссиянын өкүлдөрүн гана чакырган.

 

 

 



Тектеш кабарлар