Грузиянын премьер  - министри Георгий Квирикашвили кызматынан кетти

Георгий Квирикашвили 2015 -  жылдын 30 -  декабрынан бери премьер  - министрлик кызматты аткарып келген.

992289
Грузиянын премьер  - министри Георгий Квирикашвили кызматынан кетти

 

Борбор шаар  Тбилисидеги өкмөт имаратында арыз бергендигин билдирген Георгий Квирикашвили бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын кечээ өткөргөн саясий кеңеш жыйынында партиянын лидери Бидзине Иванишвили жана мүчөлөрү менен кээ бир темаларда пикир айырмачылыктарынын ортого чыккандыгын айтты.

Акыркы жылдарда Грузиянын НАТО жана Европа Биримдиги менен интеграция процессинде таасирдүү кадам ташташкандарын белгилеген Квирикашвили аймактагы экономикалык кризиске карабастан Грузия экономикасы күчтөнүүнү уланткандыгын жактады.

Георгий Квирикашвили 2015 -  жылдын 30 -  декабрынан бери премьер  - министрлик кызматты аткарып келген.

Грузиянын конституциясы боюнча бийликтеги «Грузин кыялы» партиясынын 7 күндүн ичинде жаңы премьер  - министр таларкери жана жаңы кабинет тизмесин Президент Георгий Маргвелашвилиге сунушташы керек.



Тектеш кабарлар