Малайзиянын премьер - министри Махатхирден Кытай тууралуу маалымат

Махатхир Мухаммед өлкөсүнүн Кытай менен дос боюнча каларын бирок  бул өлкөгө карыз болууну каалабай тургандыгын белгиледи.

991255
Малайзиянын премьер  - министри Махатхирден Кытай тууралуу маалымат

Малайзиянын премьер  - министри Махатхир Мухаммед өлкөсүнүн Кытай менен дос боюнча каларын бирок  бул өлкөгө карыз болууну каалабай тургандыгын белгиледи.

Бернама агенттигинин кабарына караганда премьер  - министр Махатхир Япониянын улуттук басма сөз клубу тарабынан жүргүзүлгөн бир диалог жыйынында сүйлөгөн сөзүндө мурунку өкмөттүн чоң проектилер үчүн чоң көлөмдө карыз акча алгандыгын жана ошончолук чоң көлөмдө карыз берүүнү кабыл алган бир гана өлкөнүн Кытай экендигин айтты.

Малайзиянын кредиттерди кайра төлөп же төлөбөй тургандыгы эч кимдин оюнда эмес экендигин айткан Махатхир : «Ошондуктан кредиттерди азайтуу жана мыкты бир соода ортогу катары Кытай менен мурункудай карым  - катнаш куруу үчүн жол жана каражат табууга мажбурбуз»,- деди.



Тектеш кабарлар