Малайзиялыктар тышкы карызы үчүн акча чогултууда

Чогулган каражаттын суммасы 14 миллион долларга жетти.

990970
Малайзиялыктар тышкы карызы үчүн акча чогултууда

Малайзия өкмөтү өлкөнүн тышкы карыздарынын төлөнүшү үчүн элдин колдоосун көздөгөн «Үмүт фондун» ишке киргизгенден кийин 2 жуманын ичинде чогулган жалпы сумма 14 миллион долларга жетти.  

Экономика министрлигинин билдирүсүндө, «Үмүт фонду» аркылуу элден 2 жуманын ичинде 14 миллион доллар чогулгандыгы белгиленди.

Малай эли бир жума мурда ишке кирген фонд үчүн биринчи күнү 1 миллион 76 миң доллар кайрымдуулук кылышты.

Малайзиянын мурунку премьер-министр Нежип Резак мезгилинен калган орто эсеп менен 252 миллиард долларлык карызы бар.

Өлкөнүн чыгымдарынын азайтылышына карата чара көрүүлөрдүн алкагында министрлердин айлык акылары 10 пайыз кыскартылган болчу.

«Үмүт фондун» ишке киргизген премьер-министр Махатхир Мухаммед 9-майдагы шайлоону жеңип кызматка келгенинде өлкөнү кайрадан куруу чакырыгын салган эле.



Тектеш кабарлар