Болгарияда аскердик тик учар кырсыкка учурады
Кырсыкта 2 учкуч каза тапты.
Болгариянын Филибе шаарында орус Ми - 17 моделиндеги аскердик тик учардын кырсыкка учурашы менен 2 учкуч каза тапты.
Болгариянын улуттук радиосу өлкөнүн түштүк - чыгышындагы Филибе шаарына караштуу Крумово аба күчтөрү базасынын аймагында орус Ми - 17 моделиндеги аскердик тик учардын азырынча белгисиз бир себеп менен кырсыкка учурагандыгын жарыялады.
Кырсыкта тик учардагы эки учкуч каза болду.
Көргөн күбөлөр тик учардын күтүлбөгөн жерден кырсыкка учурап аэропортко жакын жерге келип түшкөндүгүн жана от алгандыгын белгиледи. Кырсык тууралуу териштирүүнүн бататылгандыгы билдирилди.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.