Трамп менен Кимдин жолугушуусунун наркы 20 миллион доллар...

Бул тууралуу маалыматты «Стрэйт таймс» гезити жарыялады.

989976
Трамп менен Кимдин жолугушуусунун наркы 20 миллион доллар...

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын эртең 12-июнда Сингапурда өткөрө турган саммити кожоюндук кылган өлкөнү 20 миллион доллардай чыгымга учуратат.

«Стрэйт таймс» гезитиндеги маалыматка караганда Сингапурдун премьер-министри Ли Сянь Лун, саммит жыйналышынын өлкөнүн бюджетине алып келе турган чыгымы 20 миллион доллар болоорун жарыялады.

Ушундай маанилүү тынчтык демилгесине колдоо көрсөтүү үчүн ушунчалык чыгымды көтөрүүгө даяр экендиктерин билдирген өкмөт башчы Ли: «Бул жыйналыштын өтүп жатышына абдан маани беребиз. Саммиттин аймакка тынчтык жана ырааттуулуктун камсыздалышына салым кошо турган өнүгүүлөрдүн жолун ача турганына ишенүүдөбүз»,-деди.

Бул саммит Сингапурдун имиджине маанилүү салым кошо турганын баса белгилеген Ли: «Бул жыйналышты өткөрө турган өлкө катары тандалышыбыз, Сингапурдун бардык тарап менен болгон жакшы мамилесинин жана эл аралык коомчулуктун арасында көргөн урмат-сыйдын белгиси»,-деп айтты.

АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, эртең 12-июнда Сингапурда жолугушат.

Ядролук куралсыздануу жана коопсуздук темалары карала турган саммиттин, 1950-53-жылдардагы Корея согуштарынан бери уланган ок атпоо абалынын туруктуу тынчтыкка айландырылышы жагынан орчундуу кадам болушу күтүлүүдө.

 



Тектеш кабарлар