Трамп дагы Сингапурга барды

Ким Чен Ындын артынан АКШнын президенти Дональд Трамп дагы Сингапурга барды.

989830
Трамп дагы Сингапурга барды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын артынан АКШнын президенти Дональд Трамп да Сингапурга барды.

Трамптын G-7 саммитине катышкан Канададан учкан учагы кечинде Сингапурдагы «Paya Lebar» аба базасына конду.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын дагы АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган саммит үчүн түштөн кийин Сингапурга конгон.

Ким түшкөн учактын жогорку коопсуздук чара көрүүлөрү астында Сингапур аэропортуна конуп,, басма сөздө Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен Кимдин саламдашкан фотосүрөттөрүнө орун берилди.

Түндүк Кореянын лидери, аэропорттон кара унаалар менен курчалган, өлкөсүнүн желегин илип жүргөн лимузинге түшүп кетти жана мындан мурда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин калган St. Regis мейманканасына өткөн.



Тектеш кабарлар