Ким Чен Ын Трамп менен жолугуу үчүн Сингапурга барды

Ким менен Трамптын 12-июнда боло турган саммити эл аралык коомчулукту абдан кызыктырууда.

989722
Ким Чен Ын Трамп менен жолугуу үчүн Сингапурга барды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, АКШнын президенти Дональд Трамп менен боло турган саммит үчүн Сингапурга барды.

Кимди түшкөн учактын түштөн кийин жогорку коопсуздук чара көрүүлөрү астында Сингапур аэропортуна конгону белгиленсе, басма сөздө Сингапурдун тышкы иштер министри Вивиан Балакришнан менен Кимдин саламдашкан фотосүрөттөрүнө орун берилди.

Түндүк Кореянын лидери, аэропорттон кара унаалар менен курчалган, өлкөсүнүн желегин илип жүргөн лимузинге түшүп кетти жана мындан мурда Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин калган St. Regis мейманканасына өттү.

Ким менен Трамптын 12-июнда боло турган саммити эл аралык коомчулукту абдан кызыктырууда.

Ядролук куралсыздануу жана коопсуздук темалары карала турган саммиттин, 1950-53-жылдардагы Корея согуштарынан бери уланган ок атпоо абалынын туруктуу тынчтыкка айландырылышы жагынан орчундуу кадам болушу күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар