Австрияда өкмөттүн токтомуна мусулмандар жана жазуучулар каршы чыгышты

Австрияда ар түрдүү жарандык коомдук уюмдар жана диний жамааттардын өкүлдөрү менен жазуучулар, өкмөттүн мечиттерди жабуу жана имамдарды өлкөдөн чыгаруу токтомуна каршылык көрсөттү.

989591
Австрияда өкмөттүн токтомуна мусулмандар жана жазуучулар каршы чыгышты

Австрияда ар түрдүү жарандык коомдук уюмдар жана диний жамааттардын өкүлдөрү менен жазуучулар, өкмөттүн мечиттерди жабуу жана имамдарды өлкөдөн чыгаруу токтомуна каршылык көрсөттү.

Кечээ, Австрияда бирөө түрктөргө таандык 7 мечиттин иш-чаралары токтотулуп, өзгөчө Дин иштери башкармалыгына караштуу Австриядагы Түрк Ислам маданият жана социалдык көмөктөшүү биримдигинин  (ATİB) курамында кызмат кылган имамдардын чет өлкөдөн финансыланганы себеби менен өлкөдө жашоо уруксаттарынын жоюла турганын жарыялаган.

Бул токтомду өлкөдөгү ар түрдүү жарандык коомдук уюмдар жана диний жамааттардын өкүлдөрү менен жазуучулардын сынга алуулары уланууда.

Австриядагы Түрк ислам маданият жана социалдык көмөктөшүү биримдигинин  катчысы Яшар Эрсой, өз жарыясында өкмөттүн жабуу чечимдери тууралуу коомчулукту канааттандыра турган маалымдоо жасалбагынын, мечиттердин толугу менен жабылышынын туура мамиле болгонун айтты.

Жазуучу жана журналист Вильгельм Лангалер да өкмөттүн өлкөдөгү 7 мечитти жабуу токтомун айыптаганын белгилеп, «Өкмөт мусулмандарга карай жүргүзүлгөн акциянын жол башчылыгын кылууда»,-деп айтты.

Вильгельм Лангалер, премьер-министр Себастьян Курц жана вице-премьер Хайнц-Кристиан Стрэшенин өлкөдө жашаган мусулмандарга карай жек көрүүчү сөздөрдү айтканын билдирип, «Өкмөт башчы жана жардамчысы Австриянын бир бөлүгү болгон динди системалуу түрдө жамандап жатат жана Исламга каршы акция жүргүзүүдө»,-деген серебин салды.

Өлкөдөгү басма сөздүн Мусулмандарды каралоо үчүн жүргүзүлгөн акцияларында маанилүү роль ойнгонуна көңүл бурган Лангалер: «Медиянын мусулмандарга карай чыгарган жаңылыктары өкмөттүн кысымчыл саясаттарына атмосфера жаратканы ачык көрүнүп турат»,-деди.

Лангалер өкмөт чыгарган чечимдеринин толугу менен кабыл алынгыс экенин баса белгилеп, демократиялык жана диний эркиндик ишке ашырылган коомчулукта жашагысы келгенин түшүндүрдү.



Тектеш кабарлар