Германияда Нетаньяхуга каршы митинг болду

Берлинде жолугушкан Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхуга нааразычылык билдирилди.

986260
Германияда Нетаньяхуга каршы митинг болду

Германиянын канцлери Ангела Меркель менен борбор шаар Берлинде жолугушкан Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхуга нааразычылык билдирилди.

Нетаньяхунун Меркель менен жолугушуусунан мурда бир группа митингчи жолугушуу өткөрүлө турган премьер  - министрлик имаратынын маңдайындагы федералдык парламенттин алдында чогулду.

Катуу коопсуздук чаралар көрүлгөн митингде митингчилер «Палестинага эркиндик», «Нетаньяху кош келбеди» жана «Көрөсүң качкындарк айтып келишет» деген ураандар менен жүрүштү.

Митингге чыккандар Палестина байрактары менен Газа чек арасында ыктыярдуу мед айым болуп иштеген жана Израиль аскерлери тарабынан шейит кылынган Реззан Нежжардын фотографиялары менен үстүндө «Бейиште тынч укта Реззан Нежжар. Палестинага эркиндик» деп жазылган плакаттарды алып жүрүштү.

Меркель  -  Нетаньяху жолугушуусунун акырына чейин митингди уланткан кишилер андан кийин окуя чыгрбастан таркап кетишти.

 



Тектеш кабарлар