НАТО Черногориянын аба мейкиндигин коргоого алат
НАТО 2017 – жылдагы биримдикке кошулган Черногориянын аба аянтынын коопсуздугун түзө тургандыгын билдирди.
НАТО 2017 – жылы биримдикке кошулган Черногориянын аба мейкиндигинин коопсуздугун түзө тургандыгын билдирди.
Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТО штабынан берилген маалыматта эки НАТО союздашы Италия менен Грециянын аба күчтөрүнүн 5 - июндан баштап Черногориянын аба мейкиндигинде күзөттө турары белгиленди.
Чечимдин Черногриянын талабы боюнча чыгарылгандыгы белгиленген маалыматта өлкөнүн өз аскердик учактары болбогондугу үчүн аба мейкиндигинин коопсуздугун НАТО мүчөлөрүнүн түзгөндүгү белгиленди.
НАТОнун өз аба күчү болбогон союздаштарга мындай жардам бергендиги белгиленген маалыматта мунун союздаштыктын «коллективдүү коргонуу» түшүнүгүнүн бир бөлүгү экендиги баса белгиленди.
Португалия менен Франция, Балтика өлкөлөрү Латвия, Литва жана Эстониянын аба мейкиндигин коргоп жатат.
Италиянын учактары Словенияга колдоо берип Британия да Румыниянын аба мейкиндигинде күзөт учушун аткарууда.
Тектеш кабарлар
АКШдан Украинага 2 миллиард долларлык жардам
Украинага барган Блинкен Киевди колдоо боюнча комментарий берди.
Газада каза болгондордун саны 35 миң 233кө жетти
Израилдин Газа тилкесине 222 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.