Парижде качкындар лагери бошотулду

1600 менен 2000 арасында качкын жашагандыгы болжолдолгон «Милленниум» лагерине кирген полиция чатырларды экскаваторлор менен кулатты.

982490
Парижде качкындар лагери бошотулду

Франциянын борбор шаары Парижде полиция качкындар лагерин таркатты. Коопсуздук күчтөрү бүгүн эрте менен Париждин эң чоң качкындар лагерин бошотуу операциясын баштады.

1600 менен 2000 арасында качкын жашагандыгы болжолдолгон «Милленниум» лагерине кирген полиция чатырларды экскаваторлор менен кулатты.

Кезеги менен автобустарга отуртулган качкындар Парижден алыстатылды. Лагерде көпчүлүгү Судан, Сомали, Эфиопиядан келген качкындар жашап жаткан.



Тектеш кабарлар