ЕККУ орус журналисттин өлтүрүлүшүн айыптады
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун медиа эркиндигинин өкүлү Харлем Десир орус журналист жана жазуучу Аркадий Бабченконун Украинанын Киев шаарында өлтүрүлүшүн катуу тил менен айыптады.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ЕККУнун медиа эркиндигинин өкүлү Харлем Десир орус журналист жана жазуучу Аркадий Бабченконун Украинанын Киев шаарында өлтүрүлүшүн катуу тил менен айыптап, жетекчилерди окуя тууралуу ылдам жана кемчиликсиз териштирүү жүргүзүүгө чакырды.
ЕККУдан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Десирдин Киевдеги үйүндө өлтүрүлгөн журналист Бабченконун үй - бүлө жана жакындарына көңүл айткандыгы билдирилди.
Маалыматта окуяны катуу айыптагандыгы белгиленген ЕККУ медиа эркиндигинин өкүлү Десирдин : «Жетекчилерди кол салуу шарттарынын ылдам жана кенен түрдө териштирилиши, аткаруучулардын, кол салуу буйругун бергендердин эртерээк адилеттикке тапшырууга чакырам»,- дегендигине орун берилди.
Тектеш кабарлар
Түндүк Корея: "Орбитага спутник жөнөтөбүз"
Пхеньян өкмөтү 2024-жылы да орбитага жаңы спутниктерди жөнөтүүнү максат кылганын жарыялаган.