Трампка 2 койгусу келген мугалим

Трамптан келген ката жазылган кат англис тили мугалиминин таң калтырды.

981633
Трампка 2 койгусу келген мугалим

Трамптан келген ката жазылган кат англис тили мугалиминин таң калтырды. Ал, каттагы жайнаган туура эмес жазылган сөздөрдү оңдоп кайра АКШ президентине жөнөткөн. Ага чейин АКШ бийлигине пенсия курагындагы мурунку англис тили мугалими кат жолдоп, Дональд Трамтан Флоридада 14-февралда классташынынын колунан каза болгон окуучулардын ата-энелери менен жолугуусун суранган.

Эске салсак, Паркленд шаарында мектепте окуучу 17 адамды атып салган эле. Анда пенсионер, мурунку англис тили мугалими Ивон Мэйсонго Ак үйдөн алардын каалоосу ар кандай себептерден улам аткарылбай тургандыгы боюнча жооп келген. Бирок андагы жазылган каттан пенсионер көптөгөн грамматикалык жана Стилистикалык каталарды таап, катты оңдоп кайра АКШ президенти Дональд Трамтын дарегине жөнөткөн.

“Independent” агенттигинин журналистерине билдирүүсүндө англис тилчи “Сиз жогорку даражалуу каттарды алганда жок дегенде анын грамматикалык жактан туура жазылганына маани бересизби?” деген тан калуусун айткан. «Эгер орто мектептин окуучусу жазса мен С коет элем, эгер каттын автору жогорку мектептин окуучусу болсо мен бул тексти D баа менен бааламакмын” деген англис тилчи, сүрөткө тартып, катасы жайнаган катты Фейсбуктагы баракчасына жайгаштырган.



Тектеш кабарлар