Дүйнө жүзү Трамп менен Кимди жолугуштура албай убара...

Үчтүк саммиттин өткөрүлүшү, Мун жана Ким тарабынан Панмунджом ок атышпоо айылында 27-апрелде болгон саммитте сунушталган.

980768
Дүйнө жүзү Трамп менен Кимди жолугуштура албай убара...

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Индин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда алдыдагы айда болушу пландалган саммитке катыша ала турганы билдирилүүдө.

Йонхап маалымат агенттигинин маалыматына караганда Түштүк Кореянын Президенттигинен бир жооптуу кызматкер Трамп менен Кимдин ортосунда 12-июнда болушу пландалган ыктымалдуу саммиттин алдында сүйлөшүүлөрдүн жана иштердин уланып жатканын белгилеп, бул сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына жараша Мундун аты аталган саммитке катыша ала турганын белгиледи.

Үчтүк саммиттин өткөрүлүшү, Мун жана Ким тарабынан Панмунджом ок атышпоо айылында 27-апрелде болгон саммитте сунушталган.

Трамп, өткөн аптада Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынга кат жазып, акыркы билдирүүлөрүндөгү «ызалануу жана ачык душмандыктын» себебинен 12-июнда Сингапурда боло турган саммитке катышпай турганын жарыялаган эле.

Андан соң Түндүк Кореянын Тышкы иштер министринин орун басары Ким Ки-гван, Трамптын саммитти жойгонуна карабастан АКШ менен жолугушууларга ачык экендиктерин айткан.

Кайра Трамп, Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен жолугуша турган саммитке ачык экенин жана 12-июнь менен катар жолугушуунун мүмкүн боло ала турганын айткан.

АКШ делегациясы президент Трамп менен Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын ортосунда болушу пландалган ыктымалдуу саммит үчүн Түндүк Кореяга барды жана Панмунджом айылында сүйлөшүүлөрүн баштады.



Тектеш кабарлар