Малайзия учагы орус ракетасы менен атылган

2014 -  жылы Укранада атып түшүрүлгөн Малайзия аба жолдоруна таандык MH17 каттамындагы учактын орус армиясына таандык бир ракета менен атылгандыгы аныкталды.

978387
Малайзия учагы орус ракетасы менен атылган

Эл аралык орток териштирүү тобу JIT тарабынан берилген маалыматка караганда ракета Коеркстеги орус аскердик бөлүгүнө таандык 53 -  бригаданын бөлүктөрүнөн экендиги белгиленди.

Маалыматта MH17 каттамдагы жүргүнчү учагынын атып түшүрүлүшүнөн 4 жума мурда орус «Бук» ракеталарынын Коерсктен Украинага карай жол алган конвойдогу бир ракетанын учак атып түшүрүлгөн ракета менен окшош  экендиги аныкталгандыгы белгиленди.

Ракетанын ким тарабынан атылгандыгына байланыштуу маалыматтын изилдөөнүн бүткөрүлүшү менен билдирилерин белгилеген JIT окуяга күбө болгон кишилерге маалымат берүүдө жардам берүүнү талап кылды.

Эскерте кетсек MH17 каттамдагы учак 2014 -  жылы 17 -  июлда 283 жүргүнчү жана 15 кишилик экипаж менен Нидерландиянын борбор шаары Амстердамдан  Малайзиянын борбор шаары Куала Лумпурга баруу үчүн Украина аба мейкиндигинде  Орусия чек арасына 40 километрдик аралыкта атып түшүрүлгөн болчу. Учактагы 298 киши каза болгон болчу.



Тектеш кабарлар