Йеменден Сауд Аравияга ракета атылды

Йеменден Сауд Аравияга атылган баллистикалык ракета Нежран шаарында жардырылды.

979055
Йеменден Сауд Аравияга ракета атылды

 

Йеменден Сауд Аравияга атылган баллистикалык ракетанын Нежран шаарынын аба мейкиндигинде Сауд Аравиянын абадан коргонуу системасы менен жардырылгандыгы билдирилди.

Сауд Аравиянын расмий телекөрсөтүү каналы Ихбариййеде орун алган маалыматка ылайык хусилердин Йемен жерлеринен Нежран шаарына учурган баллистикалык ракта абадан коргонуу системасы тарабынан атып түшүрүлдү.

Коалиция күчтөрүнүн Йеменде мыйзамдуу башкарууга колдоо берүү максатында аскердик операция баштаган 2015 -  жыл 26 -  марттан бери Сауд Аравиянын ар башка аймактарын бутага алган ракета саны 144кө жетти. Сауд Аравиянын бул күндөн бери жардырган ракета саны болсо 40ка жетти.

 



Тектеш кабарлар